Отко чыдамдуу материалдар

Википедия дан

Отко чыдамдуу материалдар – отко чыдамдуулугу 1580°Сден жогору, көбүнчө минерал сырьёдон жасалган материалдар жана буюмдар. Алар отко чыдамдуу (отко чыдамдуулугу 1580–1770°С), өтө чыдамдуу (1770–2000°) жана өтө жогорку чыдамдуу (2000°ден жогору) буюмдарга айырмаланат. Химиялык-минералдык отко чыдамдуу материалдар төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт: кремнезёмдуу (кварц айнектен жасалган буюмдар ж. б.); алюминий-силикаттуу, магнизий-силикаттуу ж. б. Алар кыш, күкүм, майлоочу материал, конструкциялар ж. б. түрүндө даярдалат. Отко чыдамдуу материалдар химиялык курамы жана отко чыдамдуулугунан башка, негизинен тыгыздыгы, көпшөктүгү, күч келгенде деформация температурасы, термиялык бышыктыгы, жылуулук өткөргүчтүгү, формасыз отко чыдамдуу материалдар дисперстүүлүгү ж. б. сыяктуу көрсөткүчтөрү менен айырмаланат. Өнөр жай мештерин, жылыткычтарын ж. б. жылуулук-техникалык агрегаттарды салууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]