Түш көрүү

Википедия дан
Монахтын түшү,К.Брюлловдун сүрөтү

Түш көрүү – көзгө элестөөлөр жана баштан өткөргөн субъективдүү көрүнүштөр менен коштолуучу уктоо учурундагы дайыма боло бере турган кадыресе психикалык процесс.

Психиканы жана организмди турукташтыруу Түш көрүүнүн негизги кызматы болуп саналат. Адамдын жан дүйнөсүндөгү өзгөчө көрүнүш катары Түш көрүүнүн адамзат тарыхында узак убакыттар бою өзүнө көңүл бурдуруп жана фольклордо, мифологияда, динде, философияда, илимде, ж. б. ар түрдүү түшүндүрүлүп келген. Көптөгөн ырым-жырым, ишенимдердин жаралышына себеп болуп, кээде ар кандай акылга сыйбаган нерселер менен түшүндүрүлгөн.

20 - кылымда Түш көрүүнүн ар кандай психологиялык, физиологиялык жана философиялык, диний окууларда илимий иликтөөлөрдү, теориялык «кызыл кулактыкты» пайда кылды. Алсак, Фрейддин ою боюнча, Түш көрүүнүн каалоо-тилекти ишке ашыруунун өзгөчө жолу, ар бир Түш көрүүнүн – психоаналитикалык жактан чечмелөөгө мүмкүн болгон жана адам психикасындагы аң-сезимсиз процесстерди таанып-билүүгө жардам берүүчү мааниге жана символикага (дээрлик сексуалдык мүнөздө) ээ. Фромдун ою боюнча, Түш көрүүнүн түш мезгилиндеги акыл ишмердиги. Азыркы маалыматтарга ылайык, түш көрбөө же анын начар болушу нерв оорусуна, же башка психикалык бузулууларга алып келет. Көпчүлүк элдерде, анын ичинде кыргыз элинде да түш жоруунун калыптанган мазмундары бар.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]