Чад
Чад Республикасы | |||||
| |||||
Урааны: «Unité, Travail, Progrès (Биримдик, Эмгек, Прогресс)» | |||||
Гимн: «La Tchadienne» | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 11-август 1960-жыл
( Франциядан) | ||||
Расмий тили | француз тили жана араб тили | ||||
Борбор шаары | Нжамена | ||||
Ири шаарлар | Нджамена, Мунду, Сарх | ||||
Башкаруу формасы | Президенттик башкаруу системасы | ||||
Президент Премьер-министр |
Махамат Деби Алламай Халина | ||||
Мам. дини | Динден тышкары мамлекет | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. |
20-орун - дүйнөдө 1,300,000 км² 1,9 | ||||
Калкы • Бааланган (2024) • Жыштыгы |
19,093,595 адам (66-орун) 14,4 ад./км² | ||||
ИДӨ (САМ) • Бардыгы (2023) • Ар бир жанга |
32,375 млрд $ (147-орун) 1,806 $ (179-орун) | ||||
ИДӨ (номинал) • Бардыгы • Ар бир жанга |
12,596 млрд $ (145-орун) 702 $ | ||||
АДӨИ | ▲0,394 (жогору) (189-орун) | ||||
Акча бирдиги | Борбордук Африка КФА франкы | ||||
Домени | .td | ||||
ISO коду | TD | ||||
ЭОК коду | CHA | ||||
Телефон коду | +235 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +01:00 |
Чад (фр. Tchad, ар. تشاد), расмий аталышы — Чад Республикасы (фр. République du Tchad, ар. جُمْهُورِيَّة تشاد) — Борбордук Африкадагы мамлекет.
2021-жылдын июнуна карата өлкөнүн калкы 19 093 595 адам түзгөн[1]. Аянты — 1 284 000 км², калкынын жыштыгы — 14,4 адам/км².
Борбору — Нжамена шаары. Мамлекеттик тилдери — француз жана араб тили.
Унитардык мамлекет, президенттик республика.
Этимология
[түзөтүү | булагын түзөтүү]«Чад» атылышы Чад көлүнүн аталышы болгон гидронимден келип чыккан. Бул гидроним арабдарга XIV кылымдан бери белгилүү жана анын мааниси канури тилинен которгондо «чоң суу мейкиндиги», «көл» деген маанини билдирет[2].
Тарых
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чаддын аймагында адамдар илгерки убактан бери жашап келген. XIX кылымда Канем мамлекети Чад көлүнүн бассейнинде пайда болгон. Канем мамлекетинин кулашынан кийин, кылымдын аяк ченинде, Борну мамлекети түзүлгөн. XIX кылымдын аягына чейин азыркы Чаддын аймагында Вадай (XIV кылым), Багирми (XVI кылым), Рабба (XIX кылым) мамлекеттери болгон. XIX кылымдын аягында жана XX кылымдын башында Чад көлүнүн бассейнинин аймагын Улуу Британия, Германия, Франция талап кылган[3]. 1900-жылы Чад Франциянын аскердик округу деп жарыяланган. Анын айрым бөлүктөрүн басып алуу 1914-жылга чейин созулган[3].
География
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чад — Африканын борборунун түндүк бөлүгүндө жайгашкан деңизге чыга албаган аянты жагынан чоң өлкө[4]. Анын аянты 1 284 000 чарчы километр жана дүйнөдө жыйырманчы орунда турат[5].
Чад түндүгүнөн Ливия, чыгышынан Судан, батышынан Нигер, Нигерия жана Камерун, түштүгүнөн БАР менен чектешет. Өлкөнүн борбору болгон Нжамена шаары Камерундун Дуала шаарындагы порттон 1060 км алыстыкта, чек арага жакын жайгашкан[6]. Деңизден алыс жайгашкандыктан жана өлкөнүн чөлдүү климатынан улам Чад кээде «Африканын өлүк жүрөгү» деп аталат[7].
Чаддын аймагы негизинен жалпак түздүктөрдөн турат. Түндүк бөлүгү Сахара чөлүнүн чегинде. Түндүгүнөн — өлкөнүн 3415 метрге жеткен эң бийик чекити жайгашкан Тибести бийик тоолуу аймагы, түндүк-чыгышынан Эрди жана Эннеди тайпак тоолору (бийиктиги 1450 метрге чейин жетет), түштүк-чыгышынан Вадай тоо кыркалары (бийиктиги 1666 метрге чейин жетет) курчап турат.
Климат
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Өлкөнүн түндүк бөлүгүнүн климаты тропиктик чөлдүү. Түштүк бөлүгүнү климаты экватордук-муссондук.
Фауна
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чөлдүү аймактарда жаныбарлардын түрү дагы, саны дагы өтө эле аз. Саванналарда ири сүт эмүүчүлөр көп кездешет — пил, керик, буйвол, акыра, антилопа. Жырткычтардан арстандар, илбирстер, чөөлөр, көкжалдар Чаддын аймагын байырлашат. Шари дарыясынын жогорку жагындар маймылдар (павиандар жана кооз маймылдар) кездешет. Жыландар жана кескелдириктер, курт-кумурскалар дагы көп кездешет.
-
Закума улуттук паркындагы акыра.
-
Роан антилопасы
-
Манда жана Закума улуттук парктарында байырлаган топи антилопалары.
-
Пил
-
Аршей оазисиндеги төөлөр
-
Африка пили
Административдик-аймактык түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2008-жылга чейин Чад 18 префектурадан турган. 2012-жылы административдик түзүлүшү өзгөрүлүп, азыркы учурда 23 аймакка (облуска) бөлүнөт.
№ | Аймак (облус) | Аймак (облус)
(фр. аталышы) |
Адм. борбору | Адм. борбору
(фр. аталышы) |
Аянты,
км² |
Калкы,
(2009) адам |
Жыштыгы,
адам/км² |
---|---|---|---|---|---|---|---|
1 | Батха | Batha | Ати | Ati | 88 000 | 527 031 | 5,99 |
2 | Бахр-эль-Газаль | Barh El Gazel | Муссоро | Moussoro | 53 000 | 260 865 | 4,92 |
3 | Борку | Borkou | Файя-Ларжо | Faya-Largeau | 241 000 | 97 251 | 0,40 |
4 | Ваддай | Ouaddaï | Абеше | Abéché | 30 000 | 731 679 | 24,39 |
5 | Вади-Фера | Wadi Fira | Бильтин | Biltine | 51 000 | 494 933 | 9,70 |
6 | Чыгыш Майо-Кеби | Mayo-Kebbi Est | Бонгор | Bongor | 19 000 | 769 198 | 40,48 |
7 | Чыгыш Логон | Logone Oriental | Доба | Doba | 24 000 | 796 453 | 33,19 |
8 | Чыгыш Эннеди | Ennedi Est | Ам-Жерес | Am Djarass | 85 491 | ||
9 | Гера | Guéra | Монго | Mongo | 62 000 | 553 795 | 8,93 |
10 | Батыш Майо-Кеби | Mayo-Kebbi Ouest | Пала | Pala | 14 000 | 569 087 | 40,65 |
11 | Батыш Логон | Logone Occidental | Мунду | Moundou | 9000 | 683 293 | 75,92 |
12 | Батыш Эннеди | Ennedi Ouest | Фада | Fada | 127 538 | ||
13 | Канем | Kanem | Мао | Mao | 75 000 | 354 603 | 4,73 |
14 | Лак | Lac | Бол | Bol | 23 000 | 451 369 | 19,62 |
15 | Мандуль | Mandoul | Кумра | Koumra | 17 000 | 637 086 | 37,48 |
16 | Нжамена | Ville de Ndjamena | Нжамена | Ndjamena | 1000 | 993 492 | 993,49 |
17 | Саламат | Salamat | Ам-Тиман | Am Timan | 66 000 | 308 605 | 4,68 |
18 | Сила (Дар-Сила) | Sila | Гоз-Бейда | Goz Beïda | 37 000 | 289 776 | 7,83 |
19 | Ортоңку Шари | Moyen-Chari | Сарх | Sarh | 41 000 | 598 284 | 14,59 |
20 | Танжиле | Tandjilé | Лаи | Laï | 17 000 | 682 817 | 40,17 |
21 | Тибести | Tibesti | Бардаи | Bardaï | 130 000 | 21 970 | 0,17 |
22 | Шари-Багирми | Chari-Baguirmi | Масенья | Massenya | 46 000 | 621 785 | 13,52 |
23 | Хаджер-Ламис | Hadjer-Lamis | Масакори | Massakory | 29 000 | 562 957 | 19,41 |
Жалпы | 1 284 000 | 11 175 915 | 8,70 |
Саясий түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чаддын Конституциясы саясий системаны башкарган президенттин жетекчилиги астында күчтүү аткаруу бийлигин камсыз кылат. Президент премьер-министрди жана өкмөттү дайындоо укугуна ээ жана судьяларды, генералдарды, провинциялык кызматкерлерди жана Чаддын катышы бар мекемелердин жетекчилерин дайындоого олуттуу таасир этет[8]. Коркунуч туулган учурларда президент, Улуттук Ассамблея менен кеңешип, өзгөчө кырдаал жарыялай алат. Президент беш жылдык мөөнөткө элдик добуш берүү менен түздөн-түз шайланат[9].
Мыйзам чыгаруу бийлиги жашыруун добуш берүү менен 4 жылдык мөөнөткө шайланган 155 Улуттук Ассамблеянын депутаттарына таандык. Мыйзам чыгаруу органына акыркы шайлоо 2002-жылдын апрелинде өткөн. 2005-жылы кабыл алынган Конституциялык түзөтүүлөр парламенттин жогорку палатасы болуп эсептелген Сенатты жойгон[10].
Чаддагы ички саясий абал калктын африкалык жана араб бөлүгүнүн ортосундагы куралдуу кагылышуулар cоциалдык, саясий жана экономикалык себептер боюнча топтордун өз ара тирешүүлөрү менен мүнөздөлөт. Республикада 90-жылдардын башынан бери өкмөткө каршы бир нече топтор иштеп, мезгил-мезгили менен өкмөт менен тынчтык келишимин түзүп же андай келишимдерди бузуп келишкен. Тынчтыкты орнотууга оппозициянын фракционализмге болгон олуттуу ыктоосу тоскоол болуп келүүдө.
Куралдуу күчтөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чаддын аскердик бюджети 2006-жылга карата ИДӨ 4,2% түзөт деп болжолдонгон[1]. Аскердик чыгымдар болжол менен 300 миллион долларды түзгөн. Чаддагы жарандык согуш аяктагандан кийин (2005-2010) Дүйнөлүк банктын 2011-жылдагы баалоосу боюнча аскердик чыгымдар ИДӨ 2,0% чейин төмөндөгөн[11].
Тышкы саясаты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чад колониялык системадан толук арыла элек[12]. Чад өкмөтүнүн тышкы саясаты жыл сайын унитардык болуп баратат. 1970-1980-жылдар аралыгында Чаддын тышкы саясаты коңшулар менен болгон талаш-тартыштарды чечүүгө багытталган[13]. Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин, Чад негизинен батыш өлкөлөрү — биринчи кезекте АКШ жана Франция тарабынан берилген тышкы каржылоого көз каранды болгон жана анын тышкы саясий багытына чоң таасирин тийгизген.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкынын саны — 16,877,357 адам (2020-жылдын июль айындагы маалыматтар боюнча)[14].
Калктын жылдык өсүшү — 3,18%[14].
Төрөттүн деңгээли — 1000 адамга 41,7[14]. Фертилдүүлүктүн жалпы коэффициенти — 5,68[14].
Өлүмдүн деңгээли — 1000 адамга 10 (ымыркайлардын өлүмү — 1000 адамга 68,6)[14].
Эмиграция — 1000 адамга 4[14].
Орточо жашоо узактыгы: эркектер 53 жаш, аялдар 57 жаш[15]. ВИЧ жуктургандардын пайызы — 1,3%.
№ | Шаар | Калкы | Аймагы (облусу) | |
---|---|---|---|---|
1993 | 2009 | |||
1. | Нжамена | 530,965 | 951,418 | Нжамена |
2. | Мунду | 99,530 | 137,251 | Батыш Логон |
3. | Абеше | 54,628 | 97,963 | Ваддай |
4. | Сарх | 75,496 | 97,224 | Ортоңку Шари |
5. | Кело | 31,319 | 57,859 | Танжиле |
6. | Ам-Тиман | 21,269 | 52,270 | Саламат |
7. | Доба | 17,920 | 49,647 | Чыгыш Логон |
8. | Пала | 26,116 | 49,461 | Батыш Майо-Кеби |
9. | Бонгор | 20,448 | 44,578 | Чыгыш Майо-Кеби |
10. | Гоз-Бейда | 3,083 | 41,248 | Сила |
Этникалык курамы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чадды байырлаган адамдардын ата-бабалары Чыгыш Африка, Борбордук Африка, Батыш Африка жана Түндүк Африкадан келип отурукташкан[16].
Чадда 200дөн ашуун этникалык топтор бар, алардын 74 ар түрдүү социалдык структураларга ээ[10]. Колониялык администрация жана көз карандысыз өкмөт улуттук коомду орнотууга аракет кылышкан, бирок көпчүлүк жарандары үчүн жергиликтүү же аймактык, үй-бүлөлүк жана коомдук бөлүүнү эң маанилүү бойдон калууда. Чаддын калкы улуттарга, улуттук топторго, аймактарга, урууларга бөлүнөт[17].
Түштүгүндө сара эли отурукташкан, бул Чаддын негизги этникалык тобу. Сахелде өлкөнүн экинчи негизги этникалык тобу болгон араб улуттундагы көчмөн элдердөр жашашат. Түндүгүндө дагы көчмөндөр жашайт, алардын көбү тубу улутундагылар[17].
Диний курамы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чаддын калкынын көпчүлүгү мусулмандар (57,8%)[18]. Өлкөдө малики жана шафий мазхабынын ислам дининдеги сүннөттүк багытын тутунган мусулмандар басымдуулук кылат. Өлкөнүн түндүгүндө кадырилердин таасири, түштүгүндө тижаниялардын, өлкөнүн бир катар аймактарында Ас-Санусийалардын тассири чоң.
Эң ири христиан конфессиялары католиктер (2,5 миллион), Чад Евангелиялык чиркөөсүнөн чыккан евангелиялык христиандар (437 миң), плимут боордоштору (300 миң) жана пентокосталистер (187 миң)[19].
Тили
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чаддын расмий тилдери болуп араб жана француз тилдери саналат. Бирок чаддын калкы 100 ашуун тилдерде сүйлөшөт[17].
Экономикасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жаратылыш ресурстары — мунай, боксит, уран, алтын, берилл, калай, тантал, жез, каустикалык сода, туз кендери.
2009-жылы калктын жан башына ИДӨ 1,6 миң АКШ долларын түзгөн. Жакырчылыкта жашагандар калктын 80% түзөт. Чад тышкы жардамга жана инвестицияга абдан көз каранды мамлекеттердин бири.
Экономикасында айыл чарба багыты басымдуулук кылат (ИДПӨ 57%). Жумуш менен камсыз болгондордун 80% чарбаларда, негизинен мал чарба багытында (кой, эчки, төө багышат) жана дыйканчылык багытында (пахта, сорго, таруу, жер жаңгак, күрүч, картошка өстүрүшөт) эмгектенишет.
2003-жылдын аягынан тартып олуттуу өлчөмдө мунай өндүрүлө баштады, 2004-жылдан бери мунай экспорттолот. Мунай өндүрүү тармагын өнүктүрүүгө АКШ компаниялары жана Кытай активдүү катышууда. 2013-жылы мунай өндүрүү 5,0 миллион тоннаны түзгөн, күнүнө 94,0 миң баррель мунай өндүрүлгөн[20]. 2018-жылы Чад OPEC уюмуна байкоочу катары кошулган[21], «кара алтындын» запасы боюнча өлкө 41-орунда турат, ал эми мунай кендеринин көлөмү 1.500.000.000 баррелге барабар деп бааланат[22].
Өнөр жай тармагы — мунай казып алуу, пахта иштетүү, эт иштетүү, сыра кайнатуу, самын жана тамеки өндүрүү.
Маданияты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чаддын элдери жана элдеринин тилдери ар түрдүү болгондуктан маданий мурасы дагы кызыктуу жана ар түрдүү. Чад Өкмөтү Чад улуттук музейи жана Чад маданий борбору сыяктуу мекемелерди ачуу менен Чад маданиятын жана улуттук салттарын активдүү жайылтууда[17].
Ашкана
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чаддын негизги тамактары таруунун негизинде даярдалат. Күнгө кургатылган жана ыштылган балыктардан дагы тамктар даярдалат[23].
Гибискустун жалбырактарынан жасалган каркаде кара чайы популярдуу алкоголсуз ичимдик болуп саналат. Алкоголдук ичимдиктер Чаддын түндүгүндө ичилбейт, ал эми түштүктө кызыл таруудан жасалган Билли-Билли деп аталган жана ак таруудан жасалган алкоголдуу ичимдиктер кеңири таралган[24].
Майрамдар[25]
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1-январь — Жаңы жыл
- Ай календары менен аныкталат — Табаски (Курман айт)
- Ай календары менен аныкталат — Таза дүйшөмбү
- 1-май — Эмгек күнү
- 11-август — Эгемендүүлүк күнү (1960)
- Ай календары менен аныкталат — Рамазан (Орозо айт)
- 1-ноябрь — Бардык ыйыктардын күнү
- 28-ноябрь — Республика жарыяланган күн
- 1-декабрь — Эркиндик жана демократия күнү
- 25-декабрь — Рождество
Социалдык тармагы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Билим берүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1920-жылдары Түштүк Чадда протестант мектептеринин түзүлүшү өлкөгө батыш билим берүү системасынын келишинин башаты болуп саналат. Башынан эле, колониялык администрация диний класстардан тышкары, бардык окутуу француз тилинде өтүшү керек деген талаптарды койгон. Стандарттык окуу программасы бардык каалоочулар үчүн мамлекеттик субсидиялар аркылуу жеткиликтүү болгон.
Чаддагы билим берүү баштапкы окутууга багытталган. 1942-жылга чейин Чаддын орто билим алууну каалаган студенттери Конго Республикасынын Браззавиль шаарындагы мектептерде окууга аргасыз болушкан. Чадда мамлекеттик орто мектептер 1942-жылы ачылган, бирок мектеп программасы 1950-жылдардын ортосуна чейин стандартташтырылган эмес[26].
1960-жылы эгемендүүлүк алгандан кийин, өкмөт жалпы башталгыч билим берүүнү камсыз кылуу максатын койгон жана балдар он эки жашка чыкканга чейин мектепке барууга милдеттүү болгон. Ошого карабастан, стандарттуу окуу программаларын иштеп чыгуу көптөгөн мектептер үчүн кыйынга турган, анткени эки жана үч жылдык окуу жайлары стандарттуу беш жана жети жылдык колледждер жана лицейлер менен катар билим берүү багытында иш алып барышкан. 1960-жылдардын орто эсеп менен алты жаштан сегиз жашка чейинки балдардын 17% мектептерде окуган. Мусулман мектептеринде сабактар араб тилинде окутулган. Чад дагы Ecole Mohamed Illech аталышындагы биринчи мусулман мектеби 1918-жылы негизделген[26].
Өкмөттүн аракеттерине карабастан, эгемендүүлүктүн биринчи декадасынын аягында өлкөдөгү билим деңгээли төмөн бойдон калган. 1971-жылы он беш жаштан ашкан эркектердин 88% жакыны жана аялдардын 99% французча окуй, жаза же сүйлөй алышкан эмес (ал кезде ал жалгыз расмий мамлекеттик тил болгон). Араб тилин билүү деңгээли 7,8% түзгөн. 1982-жылы сабаттуулуктун жалпы деңгээли болжол менен 15% ды түзгөн. Эгемендүүлүктөн кийин Чадда билим берүүнүн өнүгүшүнө тоскоол болгон негизги көйгөйлөр: каржылоонун жетишсиздиги жана мугалимдердин санынын аздыгы. Эгемендүүлүктөн кийинки жылдары көптөгөн башталгыч класстардын мугалимдери жетишсиз квалификацияга ээ болушкан. Орто мектеп деңгээлинде абал андан да начар болгон[26].
1970-1980-жылдары Чад билим берүүдөгү көйгөйлөрдү чечүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишкен. Башталгыч мектептер үчүн мугалимдерди даярдоо боюнча программа иштелип чыккан. 1971-72-жылдары Нжаменада университет ачылган[26].
Дагы бир көйгөй Чад мектептери үчүн француз окуу программалары натыйжасыз болгондугу. Башталгыч мектептерде окутуу француз тилинде жүргүзүлгөн, бирок көпчүлүк окуучулар мектепте окуп баштаганда француз тилин билишкен эмес. Чаддагы жарандык согуш Өкмөттүн билим берүү реформасындагы бардык ийгиликтерин токтоткон. Өлкөнүн кеңири аймактарындагы коопсуздуктун жоктугу мугалимдердин борбордон чет жакка иштөөгө баруудан баш тартуусуна алып келген. Мындан тышкары, согуш өлкөнү башаламандыкка алып келип, балдар мектептердеги сабактарга барбай калышкан. Өкмөт жарандык согушта жеңишке жетүү үчүн ресурстарды сарптап, билим берүүнү каржылоону дээрлик токтоткон[26].
Жарандык согуш аяктагандан кийин, өкмөт билим берүүдөгү көйгөйлөрдү чечүү үчүн олуттуу аракеттерди жасады. 1983-жылы пландоо жана реконструкциялоо министрлиги 1982-83-окуу жылында мектептердин ачылышы 1979-жылы согуш башталгандан берки эң ийгиликтүү болгонун билдирген. 1984-жылы Нжамена университети кайрадан иштей баштаган[26].
2005-жылы Чадда жарандык согуш кайрадан башталып, экономиканын ар кайсы тармактарын каржылоого каралган акча каражаттары Куралдуу Күчтөрдү колдоого жумшалган[26].
Саламаттыкты сактоо
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чадда саламаттыкты сактоо багытында иштер жана аларадын жыйынтыгы абдан начар. Жугуштуу жана мите оорулары көп кездешет. Ичүүчү таза суунун жетишсиздиги ичеги-карын ооруларынын чыгышына жана алардын бат жайылып кетишине алып келип турат. Орточо жашоо узактыгы 55 жаш[15].
2000-жылы калктын 29% гана медициналык тейлөө жеткиликтүү болгон, саламаттык сактоого чыгымдары ИДӨ 3,1% гана түзгөн. 2003-жылы СПИД менен ооругандар жана ВИЧ-инфекциясын жуктургандардын саны 200 миң адам болгон жана аларданы 18 миң адамы ушул жылы каза болгон. СПИД оорусунун өсүү темпи жылына 4,8% түзөт.
Чадда бойдон алдырууга (абот) тыюу салынган[15].
Дарыгерлер чет өлкөлөрдө жана Нжамендеги университеттин медицина факультетинде даярдалат. Нжамена жана Абеше сыяктуу чоң шаарларда гана саламаттыкты сактоо мекемелери бар. Бул мекемелерге Кызыл Крест уюмунда иштеген француз дарыгерлери жардам көрсөтүшөт. Нжаменада БУУнун классификациясы боюнча экинчи деңгээлдеги бир жеке оорукана бар.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 The World Factbook. Chad
- ↑ Поспелов Е. М. Географические названия мира. Топонимический словарь
- ↑ 3.0 3.1 Decalo, Samuel (1987). Historical Dictionary of Chad (2 ed.). Metuchen: The Scarecrow Press. ISBN 978-0-8108-1937-5
- ↑ Le TCHAD en bref
- ↑ CIA. The World Factbook. Country Comparison: Area
- ↑ United Nations Commission on Human Rights. Chad
- ↑ S.H. Frankel: Reminiscences of an Economist (Review Article)
- ↑ Chad 1996 (rev. 2005)
- ↑ Chad votes to end two-term limit
- ↑ 10.0 10.1 Previous Editions of Chad Background Note
- ↑ Military expenditure (% of GDP)
- ↑ TCHAD: VERS LE RETOUR DE LA GUERRE?
- ↑ Instability on the March in Sudan, Chad and Central African Republic
- ↑ 14.0 14.1 14.2 14.3 14.4 14.5 The World Factbook. Africa. Chad
- ↑ 15.0 15.1 15.2 Chad Demographics 2020 (Population, Age, Sex, Trends) - Worldometer
- ↑ Chad Genetic Diversity Reveals an African History Marked by Multiple Holocene Eurasian Migrations
- ↑ 17.0 17.1 17.2 17.3 Encyclopædia Britannica. Chad
- ↑ Religions of the World: A Comprehensive Encyclopedia of Beliefs and Practices
- ↑ Global Christianity. The Pew Forum on Religion & Public Life. Текшерилген күнү 22 -май (бугу) 2013. Түп булактан архивделген күнү 13 -июль (теке) 2012.
- ↑ Стратегии нефтегазавых ТНК в странах Африки южнее Сахары
- ↑ Страны ОПЕК договорились о сокращении добычи нефти
- ↑ Мировые запасы нефти
- ↑ Symposium on the evaluation of fishery resources in the development and management of inland fisheries
- ↑ Chad: A Cultural Profile
- ↑ Chad Public Holidays
- ↑ 26.0 26.1 26.2 26.3 26.4 26.5 26.6 CHAD - A Country Study