Кичи Кавказ
Appearance
![](https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/8/82/Aragats_mountain%2C_Aragatsotn%2C_Armenia.jpg/220px-Aragats_mountain%2C_Aragatsotn%2C_Armenia.jpg)
Кичи Кавказ — Закавказьедеги бүктөлүүдөн пайда болгон кырка тоо тармактары. Чоң Кавказдан Колхида жана Кура ойдуңдары аркылуу бөлүнүп, ага жарыш 600 кмге созулуп жатат. Эң бийик жери 3724 м (Гямыш чокусу). Кичи Кавказга Месхети, Триалети, Сомхети, Мургуз, Шахдаг, Мировдаг, Карабах ж. б. кырка тоолор кирет.Түндүк капталында жазы жана ийне (батыш бөлүгүндө) жалбырактуу токой өсөт.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9