Микронезия
Микронезия («Кичи аралдар», б.-грек. μικρός — кичинекей +
Микронезияда кургактыктын жалпы аянты жана калкынын саны өтө аз, бирок бул аралдардын айланасында,аянты жагынан абдан чоң деңиз экономикалык аймактары орун алган.
Тарых
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Микронезия элдери бул аймактарга бир нече миң жыл мурун келип отурукташкан.
XVI кылымда Микронезиянын дээрлик баардык аймагы Испаниянын колониясына айланган. XIX кылымда Науру Германиянын колониясына, ал эми Гилберт аралдары Британиянын колониясына айланган.
1898-жылы Испан-америкалык согушунан кийин Гуам аралы АКШга, башка мурунку испаниянын колониясы Германияга өткөн.
1914-жылы Германия Микронезиясын Жапония басып алган. Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин, жапондордун бардыгы Микронезиядан чыгарылган, мурунку жапон аймактары АКШ башкарган БУУ тарабынан калкаланган аймактарга айланган.
1950-жылдары АКШ бул жерде өзөктүк куралдарды сыноолорду өткөргөн.
Гуамдан башка бардык Микронезиянын аймактары көз карандысыздыка жетишип, азыр өз алдынча мамлекеттер болуп саналышат[2].
География
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Микронезия — Океаниядагы болжол менен 2100 аралды камтыган аймак, жалпы аянты 2700 км2, аралдарынын аянты жагынан эң ириси Гуам, анын аянты 582 км2. Аралдардын периметриндеги жалпы океан аянты 7,400,000 км2[3].
Микронезияда төрт аралдардын негизги топтору бар:
- Каролина аралдары (Микронезия Федеративдик Штаттары жана Палау)
- Гилберт аралдары (Кирибати)
- Мариана аралдары (Түндүк Мариана аралдары жана Гуам)
- Маршалл аралдары
Науру өзүнчө аралда жайгашкан мамлекет жана курамына кандайдыр бир аралдардын топторун камтыбайт.
Мамлекеттер жана көз каранды аймактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Микронезия төмөнкү мамлекеттерди жана көз каранды аймактарды камтыйт:
Өлкө | Калкы | Аянты
(км2) |
Калкынын жыштыгы (адам/км2) | Шаар калкы | Жашоо узактыгы | Сабаттуулуктун деңгээли | Расмий тилдери | Диний курамы |
---|---|---|---|---|---|---|---|---|
Микронезия Федеративдик Штаттары | 113,131 | 702 | 158 | 22% | 71.2 | 89% | Англис тили | Рим католиктери 50%, Протестанттар 47%, башка диндер 3% |
Гуам | 170,534 | 540 | 299 | 93% | 78.2 | 99% | Англис тили 38.3%, Чаморро тили 22.2%[4] | Рим католиктери 85%, Будисттер 3.6, башка диндер 11.4% |
Кирибати | 128,874 | 811 | 152 | 44% | 64.0 | 92% | Англис тили Кирибати тили (де-факто) | Рим католиктери 55%, Протестанттар 36% |
Маршалл Аралдары | 42,050 | 181 | 293 | 71% | 71.5 | 93.7% | Маршалл тили 98.2%, Англис тили | Протестанттар 54.8%, ж.б. христиандар 40.6% |
Науру | 12,511 | 21 | 480 | 100% | 65.0 | 99%[5] | Науру тили, Англис тили (де-факто) | Науру чиркөөсүнүн жолдочуулары 35.4%, Рим католиктери 33.2%, Наурунун көз карандысыз чиркөөсүнүн жолдочуулары (Протестанттар)[6] 10.4%, Бахаилер 10%, будисттер 9% |
Түндүк мариана аралдары | 49,481 | 464 | 113 | 91% | 76.9 | 97% | Англис тили, Чаморро жана Кародин тилдери[7] | Рим католиктери, Будисттер 10.6% |
Палау | 18,024 | 459 | 47 | 81% | 71.5 | 92% | Палау тили 64.7%, Англис тили | Рим католиктери 41.6%, Протестанттар 23.3% |
Жалпы | 534,606 | 3,178 |
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Where Is Micronesia?
- ↑ Micronesia History, Geography, Economy and Important Events
- ↑ Kirch, Patrick Vinton (2001). On the Road of the Winds: An Archaeological History of the Pacific Islands Before European Contact. University of California Press. ISBN 978-0-520-92896-1
- ↑ Languages of Guahan, The Guam Website - Afa Adai
- ↑ Nauru. TalkTalk. Tiscali UK Limited (2010).
- ↑ Nauru. TravelBlog. TravelBlog.org (24 August 2006).
- ↑ Commonwealth of the Northern Mariana Islands: Overview. Office of Insular Affairs. U.S. Department of the Interior, Office of Insular Affairs. Текшерилген күнү 29 -июль (теке) 2024. Түп булактан архивделген күнү 9 -июнь (кулжа) 2007.
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дүйнө макроаймактары | |
---|---|
Европа | Батыш • Чыгыш • Түштүк-Чыгыш • Түштүк • Түштүк-Батыш • Батыш • Түндүк-Батыш • Борбордук |
Азия | Түндүк • Сибирь • Түштүк-Батыш • Жакынкы Чыгыш • Ортоңку Чыгыш • Түштүк Кавказ (жарым-жартылай) • Борбордук • Орто Азия • Чыгыш • Ыраакы Чыгыш • Түштүк • Түштүк-Чыгыш |
Африка | Түндүк • Батыш • Борбордук • Чыгыш • Түштүк |
Америка | Түндүк • Вест-Индия • Латын • Борбордук • Түштүк |
Океания | Австралия жана Океания • Меланезия • Микронезия • Полинезия |
Полярдык аймактар | Арктика • Антарктика |
Океандар | Атлантика океаны • Инди • Түндүк Муз • Тынч • Түштүк |