Супер Марио

Википедия дан
Супер Марио.

Супер Марио (англ. Super Mario, жап.スーパーマリオ хепбөрн: Sūpā Mario) — Nintendo компаниясынын тумар белгисине айланган Марио тууралуу платформалык видео оюндар цикли. Же болбосо Super Mario Bros.(スーパーマリオブラザーズ Sūpā Mario Burazāzu) сериясы же жөн эле Марио (マリオ) сериясы деп аталат. Бул жалпы Марио франшизасынын негизги сериясы болуп саналат. Жок эле дегенде бир Супер Марио оюну Nintendo компаниясынын видео оюн консолу жана портативдик түзмөгү үчүн чыгарылган.

Супер Марио оюндары Марионун ойдон чыгарылган Козу карын падышалыгындагы укмуштуу окуяларына жетелейт. Анда оюнчу адатта Марионун образында болот. Ага көбүнчө бир тууганы Луижи кошулса, кээ-кээде Мариодогу башка мүчөлөр да кошулуп турат. Платформалык видео оюндарында болгондой эле, оюнчу платформалардын арасында чуркап жана секирип, тематикалык баскычтарда душмандарынын үстүнө секирет. Оюндардын мазмуну жөнөкөй, Марио уурдалган Пич канзааданы негизги душман Баузерден куткарат. Бул сериядагы биринчи аталыш, Super Mario Bros. Nintendo Entertainment System (NES) үчүн 1985-жылы чыгарылган. Бул андан кийинки дээрлик бардык Супер Марио оюндарындагы тактикалык түшүнүктөргө жана элементтерге негиз болуп калган. Аларга Марионун от топчолорду ыргытуусу, алп жана кенедей болуп көлөм өзгөртүүсү сыяктуу сыйкырдуу күчтөрдү берген көптөгөн күч топтоолор жана элементтер кирет.

Супер Марио сериясы андан чоңураак Марио франшизасынын бир бөлүгү болуп саналат. Бул башка видео оюн жанрларын, тасма, телекөрсөтүү, басылмаларды жана соода товарлары сыяктуу медиаларды камтыйт. Дүйнө жүзү боюнча Супер Марио сериясындагы 310 миллиондон ашуун оюндар сатылган. 2015-жылдын сентябрына карата, бул видео оюндар сериясы тарыхтагы бестселлер болуп калган.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]