Хоуллдун кыймылдуу сепили
"Хоуллдун кыймылдуу сепили"(жап. ハウルの
Окуя 20-кылымдын башында сыйкырчылык менен технология кеңири тарап жаткан учурдагы ойдон чыгарылган падышалык башка бир падышалык менен согушуп жаткан мезгилге туура келет. Тасмада София аттуу шляпа тиккен бийкечтин кантип бүбү-бакшынын (жез кемпирдин) каргышы аркылуу карыган кемпирге айлангандыгы баяндалат. София Хоулл деген сыйкырчыны кезиктирип, анын туткунуна түшөт. Тасма түп нуска чыгармадан айырмаланат, эгерде роман таптык күрөш жана гендердик нормаларды чагылдырса, фильм сүйүү, ак ниеттүүлүктү жана согуштун кесепеттерин баяндайт". [7]
Тасманын жалпы бет ачары 2004-жылдын 5-сентябрында Венеция кино фестивалында болуп өткөн. Япониянын кино-театрларында 2004-жылдын 20-ноябрынан тарта көрсөтүлө баштаган. Түшкөн каражат Японияда 190 миллион АКШ долларын түзсө, дүйнөлүк деңгээлде 235 миллион АКШ доллар киреше алып келип, япон фильм тартуу тарыхындагы эң кирешелүү фильмдердин катарын толуктаган. Аталган тасма 2006-ж. 78- Оскар киносыйлыгында "Эң мыкты анимациялык фильм" атайын номинациясына көрсөтүлгөн жана бир нече сыйлыктарды, анын ичинде Токио анимация сыйлыгынын төрт номинациясын, Небула сыйлыгынын "Эң мыкты сценарий" номинациясын жеңип алган. Фильм мыкты визуалдык эффектери жана режиссер Хаяо Миядзакинин өзүнүн тематикасын ийгиликтүү чагылдыра алгандыгы үчүн кино сынчыларынын мактоосуна арзыган.