Орион
Көрүнүш
Орион (лат. оrion) – Ригель жана Бетельгейзе жаркырак жылдыздуу экватордук топ жылдыз; Ориондо 2-жылдыз чоңдугундагы бири бирине жакын жайгашкан Орион алкагы деп аталган 3 жылдыз бөлүнүп турат; Орион алкагынан төмөн Ориондун Чоң тумандуулугу жайгашкан. Ал жаркырак газдан турган космос булуту (диффузиялык тумандуулук) болуп эсептелет. КМШ өлкөлөрүндө орто кеңдиктен кышта жана күздө көрүнөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7